Дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алышты

Дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алышты. Бул тууралуу Улуттук дзюдо федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 100 килограмм салмакта татамиге чыгып келген Юрий Краковецкий топтогон упайларынын негизинде түздөн-түз Олимпиадага катышуу укугуна ээ болду. Ал эми Отар Бестаев (60 килограмм салмакта) Азия континентине бөлүнгөн квоталык орунга ээ болду.

Кошумчалай кетсек, 5-21-август аралыгында Бразилияда өтө турган Олимпиадага алынган жолдомолордун саны 15ке жетти (мельдоний чырына байланыштуу Жанарбек Кенжеевдин жолдомосунун тартылып алынганын эсепке албаганда). Буга чейин жеңил атлеттер Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, Илья Тяпкин, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча улуттук курам Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tashi62
2016-06-04 17:07:14
Азаматтар
+2
omu
2016-06-05 04:20:38
ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан