Президент Алмазбек Атамбаев 4-июнда Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун губернатору Пархат Турдуну кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда мамлекет башчысына Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча облус жетекчилигинин Кытайдын борбордук өкмөтү менен биргелешип иштешүүсү тууралуу маалымат берилди.
Алмазбек Атамбаев Кытай жетекчилиги аймактын экономикалык өнүгүүсү үчүн эле эмес, этностук кыргыздардын маданий-улуттук өзгөчөлүктөрү менен кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча бардык колдоону көрсөтүп жатканын белгиледи.