Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 6-июндагы отурумунда депутат Өмүрбек Текебаев аянты 5 гектарга чейинки сугат жер тилкелерин бөлүп сатууга тыюу салуу демилгесин көтөрдү.
Депутаттын пикиринде, мыкты жерлердин катарына кирген сугат жерлерин майдалап сатуу алардын түшүмдүүлүгүн азайтат.
"Жер кодексине, Турак жай кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизе турган мыйзам долбоорун мурдагы чакырылыштагы тармактык комитет 3-окууда жактырып, парламенттин кароосуна жиберген. Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышынын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мыйзам долбоору каралбай калган. Азыр ага 3-окууда кайрылып келүү зарыл", - деди Текебаев.