Алмазбек Атамбаев кыргыз өлкөсүнүн финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-июнда Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын экономикасы көптөгөн башка ачык экономикалар сыяктуу эле түрдүү тышкы таасирлерге дуушар болуп, өткөн жылы дүйнөлүк чийки зат рынокторундагы олку-солкулуктарга байланышкан тышкы макроэкономикалык шарттар өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн жагымсыз болду.

2015-жылы ушундай шарттарга карабастан, Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн арасынан эң чоң көрсөткүчкө жетишип, экономиканын өсүшү 3,5 пайызды түздү. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин туруктуу өсүү тенденциясы уланууда. “Бизнес жүргүзүү” эл аралык рейтингинде позициябызды жакшыртып, 2014-жылдагы 102-орундан 2015-жылы 67-орунга көтөрүлсөк, бюджеттин ачык-айкындуулук рейтингинде 2015-жылы 76-орундан 34-орунга жогорулай алдык.

Өткөн жылы өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болгондон бери алгачкы жолу Кыргыз Республикасына эл аралык кредиттик рейтингдик агенттиктер тарабынан суверендүү кредиттик рейтингдер ыйгарылды.

Ушул жылдын май айында Бюджеттик кодекске кол коюлду, ал бюджеттик процессти жөнгө салуучу республиканын негизги мыйзамдарын бириктирди жана мамлекеттик финансыны башкаруу жаатын реформалоого багытталган.

Алдыда дагы жасалчу көп иштер бар. Кыргыз мамлекетин өнүктүрүү үчүн ар бир тыйынды натыйжалуу колдонуу максатында мамлекеттик финансыны башкарууну реформалоону андан ары илгерилетүү боюнча иштерди активдештирүү, анын ичинде программалык бюджеттөөгө толук өтүү, кыргыз өлкөсүндө ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү зарыл.

Ишти коррупциялык көрүнүштөр азая тургандай кылып уюштуруп, экономиканын көмүскө секторун колдон келишинче азайтуу, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү пайда болгон жаңы милдеттерге ыкчам жооп кайтаруу керек.

2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында Кыргыз Республикасынын экономикасы өз алдынча болууга, ошол эле учурда региондук жана дүйнөлүк экономиканын шайкеш келген бөлүгү болууга тийиш экендиги белгиленген. Экономиканын артыкчылыктуу секторлору алардын продукциясы жана көрсөткөн кызматтары башка өлкөлөрдө, биринчи кезекте коңшулаш жана Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө кеңири керектелгенде, атаандашууга жөндөмдүү жана таанымал болгондо гана Кыргыз Республикасынын элине олуттуу пайда бере тургандыгын түшүнүү маанилүү экендиги аныкталган.

Сиздер алдыга коюлган мына ушул асыл максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетиңиздерди жумшайсыздар деп ишенем.

Дагы бир жолу финансы жана экономика чөйрөсүнүн бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык, туруктуулук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан