Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети бүгүн, 7-июнда өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башкы кеңсесинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча мыйзам базасын талдоого арналган көчмө жыйын өткөрүүдө. Иш-чарага укук коргоо органдарынын жетекчилери, эксперттер менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Тармактык комитеттин мүчөлөрү Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын иши менен таанышкан соң эксперттер жана адистер менен бирге баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча мыйзам базасын өркүндөтүү маселелерин талкууга алат. Ошондой эле БКМК ишин жакшыртуу жаатында бир катар сунуштамаларды иштеп чыкмакчы.