Кыргыз мамлекети менен Кувейттин ортосундагы салыктык мамилелер жөнгө салынмакчы

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 7-июнда “2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Кувейт мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу, кирешеге жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Келишимге ылайык, кыргыз өлкөсү менен Кувейттин ортосундагы салыктык мамилелер жөнгө салынмакчы. Тактап айтсак, кош салык салуудан качуу, кирешеге жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо чаралары макулдашылууда.

Белгилей кетсек, ушу тапта инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен, алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, капитал салууга байланышкан тобокелчиликтер менен коркунучтарды азайтуу максатын көздөгөн инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашуу да ратификацияланууда. Андан сырткары эки тараптуу визасыз катташуу чаралары да колго алынууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан