Кыргыз мамлекетине Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жетекчилик кылган Тажикстан Республикасынын делегациясы келди. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, делегацияны "Манас" Эл аралык аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Кохир Расулзода 7-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди.