Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити аяктады. Анын жыйынтыгында 17 документке кол коюлду. Бул документтер эркин соода аймагы, инновациялык кызматташтык, электр энергетика тармагы, химиялык өнөр жай жана башка тармактарда кызматташуу боюнча маселелерге байланыштуу. Алар КМШ мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган.
1. Мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу эрежелери жана процедуралары жөнүндө 2011-жылдын 18-октябрындагы эркин соода аймагы жөнүндө келишимге мүчө мамлекеттер ортосундагы протокол жөнүндө чечим;
2. Агробиотүрдүүлүктү сактоо жөнүндө конвенция;
3. 2015-жылы 2020-жылга чейинки КМШга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет аралык инновациялык кызматташтык программасын жана 2015-2016-жылдарга карата 2020-жылга чейинки КМШга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет аралык инновациялык кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу чечим;
4. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттерде 2020-жылы калкты каттоо өткөрүү тууралуу чечим;
5. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкынын ден соолугу" стратегиясы;
6. КМШга мүчө мамлекеттердин электр энергетикалык объекттериндеги авариялар жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу келишим;
7. КМШга мүчө мамлекеттердин электр энергетика жаатындагы кесиптик билим берүү багытындагы кызматташтыгы жөнүндө келишим;
8. КМШга мүчө мамлекеттердин радиоактивдүү булактарды жылдыруу маселеси боюнча маалыматтык өз ара аракеттешүү тууралуу келишими;
9. КМШга мүчө мамлекеттердин химиялык өнөр жай тармагында жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жаатындагы концепциясы;
10. КМШга мүчө мамлекеттердин онкологиялык ооруларга каршы туруу жаатында кызматташуу концепциясы;
11. КМШга мүчө мамлекеттердин 2016-2020-жылдарга кант диабетинин алдын алуу жана дарылоо боюнча кызматташуу программасы;
12. КМШга мүчө мамлекеттердин "ART EXPO" Эл аралык көргөзмөсү жөнүндө чечим;
13. КМШга мүчө мамлекеттердин базалык уюмдары жөнүндө чечими:
13.1. КМШга мүчө мамлекеттердин транспорттук комплексти өнүктүрүүнү илимий-техникалык камсыздоо багытындагы базалык уюмдары жөнүндө;
13.2. КМШга мүчө мамлекеттердин химиялык тармактагы кадрларды даярдоо, кесиптик жактан кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча базалык уюмдары жөнүндө;
13.3. КМШга мүчө мамлекеттердин жаштар менен иштөө боюнча базалык уюмдары жөнүндө;
13.4. КМШга мүчө мамлекеттердин жаштар ишкерлигин өнүктүрүү боюнча базалык уюмдары жөнүндө;
13.5 КМШга мүчө мамлекеттердин аскер метрологиясынын көйгөйлөрүн иликтөө жана куралдуу күчтөрдү метрологиялык камсыздоо багытындагы базалык уюмдары жөнүндө;
13.6. КМШга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөр үчүн минадан тазалоо жаатындагы адистерди даярдоо боюнча базалык уюмдары жөнүндө;
14. 2016-жылга карата Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим;
15. КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржыланган шериктештик органдарынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн 2015-жылкы документалдык ревизиялоонун жыйынтыктары тууралуу чечим;
16. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө чечим;
17. КМШнын мындан аркы ишмердүүлүгү жөнүндө протоколдук тапшырма.
Айта кетсек, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кийинки саммити 2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында (Беларусь) өтөт.