Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз мамлекети КМШны реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле жасоону жактайт" (фото)

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-июнда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинин Бишкектеги жыйынына катышып жаткан делегациялардын башчылары менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Өз сөзүндө мамлекет башчы делегация башчыларын чын дилинен куттуктады. "Бүгүн Кыргыз Республикасынын төрагалыгында КМШнын өкмөт башчылар саммитинин мааракелик жыйыны өткөрүлүп жатат. Мен ишиңиздерге ийгилик каалап, жемиштүү өткөрүп алууңуздарды тилейм", - деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин сөзү боюнча, КМШнын 25 жылдык мааракесинде шериктештикке төрагалык кылуу ардактуу миссиясы Кыргыз Республикасына буюруп отурат. "Быйылкы жылдын сентябрында Бишкекте шериктештикке мүчө мамлекет башчыларынын катышуусу менен КМШнын юбилейлик саммити өтөт. Албетте, мен сиздердин жана уюмдун катчылыктарынын албан аракеттерине жараша Бишкек саммитин жакшы өткөрөбүз деген үмүттөмүн", - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

"Уюмду трансформациялоо зарылдыгы жана КМШнын тармактык органдарын реформалоо жөнүндө сунушту кыргыз мамлекети колдогонун билесиздер", - деди Алмазбек Атамбаев. Ошону менен катар мамлекет башчысы бардык чечим так жана кынтыксыз эсептелип, алгылыктуу болушун көздөп, кыргыз өлкөсү КМШны реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле жасоону жактаарын белгиледи.

Президент азыркыдай жолугушуу жана талкуулар бардык өлкөлөрдүн көңүлүнө жаккыдай жана өз ара алгылыктуу чечим кабыл алууга өбөлгө болоруна үмүттөнөрүн билдирди.

Президент КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар саммитинин алдыдагы жыйыны уюм мүчөлөрүнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү маселелери боюнча конструктивдүү пикир алышуусу үчүн талкуулар аянтчасы болуп каларына ишенерин белгиледи.

Атамбаев саммиттин жыйынына катышып жаткан делегация башчыларынын ишине ийгилик каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан