"Сыртта иштеген кош жарандыгы бар кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттардын укугун кеңейтүү экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт", - деп билдирди SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев. Депутат эки паспорту бар кыргыз мигранттарына Кыргыз Республикасынан жер, үй сатып алууга мүмкүндүк берүү зарылдыгын айтат.
"Жүз миңдеген мекендештерибиз сыртта иштеп жүрүшөт. Алар жыргаганынан өлкөдөн чыгып кетишкен эмес, эми аларды мамлекетке кайтаруу жолдорун карашыбыз керек. Аларга кыргыз жеринен мүлк сатып алууга уруксат берсек, экономиканын өнүгүшүнө да шарт түзүлмөк. Мисалы, алар жер сатып алышса, жерди кыргыз жериндеги туугандары, тааныштары иштетишет. Өзүбүздүн жарандарга эле шарт түзгөн болобуз. Кош жарандуулугу бар жарандарга мамлекеттик кызматтарда иштегенге да мүмкүнчүлүк түзүү керек. Сот тармагында, укук коргоо органдарында жетекчилик кызматтарда жана саясий кызматтарда иштей алышпайт, калган кызматтарда иштей берсин деп жатабыз", - деди Токтошев.
Эскерте кетсек, чет өлкөдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын кыргыз жерине кайтып келгенден кийинки жашоосуна кам көрүүгө багытталган мыйзам долбоору 6-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде 2-окуу режиминде каралды. Долбоорду "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жактап, жыйынтыгында комитет жактырды. Мыйзам долбоору парламенттин 5-чакырылышында эле каралып, бирок кабыл алууга үлгүрбөй парламенттин мөөнөтү бүтүп калган.