Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 7-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында жайгашкан “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө жайында түзүлгөн кырдаалды талдоого арналган көчмө жыйынын өткөрүп жатат. Жыйынга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Чек ара кызматынын, Бажы кызматынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрү катышууда.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө жайында түзүлгөн кырдаал менен жеринде таанышышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен мекеме жетекчилеринин чек ара аймагында жайгашкан өткөрмө жайдагы абалды оңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтарын угушту. Жыйын учурунда комитеттин мүчөлөрү өкмөткө өлкө аймагындагы бардык көзөмөл-өткөрмө жайларындагы абалды жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын беришти.
Мындан сырткары "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайынын инфраструктурасын заманбап абалга келтирип оңдоо, ал үчүн июндун аягына чейин каржы маселесин табуу өкмөткө милдеттендирилди. "Башкы планга ылайык, жарандардын, автоунаалардын көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүү процедуралары бат, жеңил болуп, элдин нааразычылыктарын туудурбоого тийиш. Анткени аталган көзөмөл-өткөрмө жайынан өткөндөр үчүн бир катар ыңгайсыздыктар, терс көрүнүштөр орун алып, ал көптөгөн жарандардын нааразылыктарын жаратып келет. Чек арадан өтүү бир топ убакытты талап кылса, өткөн соң 1 чакырым аралыкты басып, андан кийин автоунаага отуруу да бир топ ыңгайсыздыктарды пайда кылып келет",- дешти депутаттар.
Комитеттин төрагасы Марат Аманкулов көзөмөл-өткөрмө жайы кайсы бир деңгээлде сырттан келген туристтер үчүн өлкөнүн жүзү экенин айтып, заманбап, эл аралык стандарт, талаптарга жооп бергидей кылып оңдоо зарылдыгын белгиледи. "Сырттан келген туристтер, коноктор алгач эле көзөмөл-өткөрмө жайындагы абалды, ал жердеги тейлөөнү көрүшөт. Анан ошондон алгачкы таасирлерди алышат. Ошондуктан "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайы биздин жарандардын ыңгайлуулуктары үчүн эле эмес, коноктор үчүн да өлкөнүн жүзүндөй милдетти аткарат. Кайдан болбосун каржы таап, инфраструктурасын заманбап абалга келтирип оңдоо кажет", - деди Аманкулов.
Ал ошондой эле көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу товарларды алып өтүшкөн ишкерлерден бул боюнча сунуш болуп, каржы маселесин көтөрүү жагын да билдиришкенин айтты.