Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VI жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 7-июнда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VI жыйыны өтүп жатат. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун тар курамдагы жолугушуусу 1,5 сааттан бери өтүүдө. Андан соң алар кеңири курамдагы жолугушуусун өткөрүшмөкчү.

Айта кетсек, жыйындын жыйынтыгында 2 документке кол коюу пландалууда. Алар:

1) КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

2) Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VI жыйынынын протоколу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан