КҮНСЕРЕП: Медведев кыргыз жерин бекер жарнамалап берди...

Бүгүн, 7-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан, Беларусь, Молдова, Тажикстан, Азербайжан, Армения, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары катышты. Украинанын делегациясын өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Дорошенко жетектей турганы буга чейин маалымдалганы менен, жыйын бүткүчө анын залдагы орду бош турду. Жыйынга Украина катышкан жок. 2014-жылдын мартында Улуттук коопсуздук жана коргоо комитети Украинаны КМШнын курамынан чыгаруу процесси башталарын маалымдап, ушул эле жылдын сентябрында КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев Украина уюмдун курамынан чыкпаганын тастыктаган. Бүгүнкү мамилеси менен Украина бул уюмдан иш жүзүндө баш тартканын көрсөттү...

Отурумда 20дан ашык маселе талкууланып, мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөө, энергетика тармагындагы авариялар боюнча маалымат алмашуу, саламаттык сактоо, транспорт, билим берүү жана аскердик тармакта кызматташууларга тийиштүү 17 документке кол коюлду. Кыргыз мамлекетинин өкмөт жетекчиси Сооронбай Жээнбеков: “Кыйынчылыктарда бири-бирибизге жардамдашуу маанилүү. Кыргыз Республикасында 2016-жылы көптөгөн маданий, гуманитардык, илимий иш-чаралар өтөт”, - деп, уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда гуманитардык кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Мындан тышкары КМШ жана Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосунда толук кандуу эркин товар жүгүртүү режимин киргизүү жолдорун карап чыгууга да болорун, бул каатчылык маалында өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдей турганын белгиледи.

Саммиттин бейформал тарабынан... Орусиянын премьери Дмитрий Медведев кыргыз жерин өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу даңазалады. Медведев расмий иш сапары менен саммиттен бир күн эрте келип, Бишкекте өлкө жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулар менен катар “Ала-Арча” жаратылыш коругун көрүүгө да үлгүргөнү белгилүү болду. Өзүнүн Инстаграмдагы жеке баракчасына Медведев “Тянь-Шандын тоо этектеринде” деген аталышта сүрөт жарыялап, саналуу сааттын ичинде 59 миң “лайк” басылды. Туристтик сезон маалында кыргыз жеринин кооз табиятын Медведев ошентип бекер жарнамалап берди...

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев чет өлкөдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын кыргыз өлкөсүнө кайтып келгенден кийинки жашоосуна тийиштүү мыйзам долбоорун кайра көтөрдү. Аталган фракциянын депутаты Эмил Токтошев SUPER.KG порталына: “Мыйзамдын максаты – өлкөдөн чыгып кеткен жарандарды мамлекеттен алыстатпоо, экономиканы көтөрүүгө шарт түзүү”, - деп билдирди.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, кош жарандыгы бар мекендешибиз мекенине кайтып келсе, жер, үй, батирге ээлик кылуу боюнча учурда өлкөдө жашап жаткан жарандар менен бирдей укукта болот. Башка өлкөнүн жараны болгонуна карабай алар кыргыз жеринен менчик мүлккө ээ болуп, мамлекеттик кызматтарда иштегенге укуктуу болуп, өлкөбүздөгү жарандыгы сакталып калат.

Бул мыйзам долбоорун 2013-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков, Жоомарт Сапарбаев жана Бакыт Калмаматов демилгелеп, бирок 5-чакырылыш документти кабыл алууга үлгүргөн эмес. Мурунку чакырылышта комитеттен 2 окуудан өткөн долбоорду күчүндө деп таануу жөнүндө Текебаев азыркы парламенттин тийиштүү комитетине кайрылып, долбоор 2016-жылдын 6-июнунда кайра каралды. Жыйында өкмөттүн өкүлү Исламбек Мойдунов мыйзам долбооруна каршы чыгып, Текебаевден катуу сын укту. Мойдунов “кош жарандыгы барларга, анын ичинде башка улуттун өкүлдөрү да бар, жер сатып алууга укуктун берилиши өлкөдө жер тилкесин ала албай жаткан жаштарга кыйынчылык түзөт” деди эле, Текебаев аны “былжырбай” деп атады. “Биз чет элдик жарандарга жер берилсин дегенибиз жок, өлкөнүн мурунку жарандары ата-энесинен калган үйүн, жерин сактап калсын, кошумча жер алганга мүмкүнчүлүгү болсун деп жатабыз. Бүгүнкү күндө жүз миңдеген мекендештерибиз сыртта жарандык алып иштеп жүрүшөт. Мейли, аларга “мамлекеттик жогорку кызматтарга жетекчи болуп дайындалбасын” деп чектөө коёлу, бирок врач же мектеп директору болуп иштесин да”, - деди Текебаев.

Бул иште “ата мекенчилерди” КСДП фракциясы да колдойт. Демилге элге керектүү экенин убагында фракция лидери (учурда парламент спикери) Чыныбай Турсунбеков белгилеп, болгону аларга мамлекеттин жашыруун сырларын билүү мүмкүнчүлүгүн бербөө зарылдыгын айткан.

Буга чейин ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кош жарандыгы бар мигранттар ишке орношуп, кийин кылмыш жасап, өлкөдөн качып кетсе, аларды кайра алып келүүгө мүмкүн болбой каларын айтып, демилгеге каршы болгон. Айтор, өкмөт менен парламент жумуш издеп өлкөдөн чыгып кеткен жарандар маселеси боюнча тил табыша албай келет...

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнгө карата жарым миллиондон ашуун кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттар Орусиянын жарандыгын алып иштеп жатышат.

Жер-суу маселеси адамзатынын жашоосунда дайыма эң маанилүү, эң талылуу, эң чырлуу иш. Чет жердик жарандардын жер алып иштетүүсүнө байланышкан чууну жакында Казакстан баштан өткөрдү. 2016-жылдын 30-мартында Казакстандын улуттук экономика министри Ерболат Досаев 1-июлдан тарта айыл чарба багытындагы 1,7 миллион гектар жер аукцион аркылуу сатыкка коюларын жарыялаган. “Муну менен айдоо жерлерин чет элдик жарандарга сатууга жана ижарага берүүгө жол ачылат” деп коңшу өлкөдө массалык нааразычылык жаралды. Миңдеген адамдар катышкан ири митингдер өтүп, көчөгө чыккандарды укук коргоо органдары күч менен таратып, лидерлерин кармоого чейин барды. Назарбаев "элге түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүргүзүлгөн жок" деп айыл чарба министрин, экономика министрин иштен алды. Ал эле эмес, Жер кодексине өзгөртүү киргизүүгө 2017-жылга чейин мораторий жарыялоого аргасыз болду. 20-апрелде башталган митингдер толкуну 21-майга чейин жетип, араң басылды...

Кыргыз өкмөтү да ушундай кырдаалдан чочулап жатат. Азыркы учурда кош жарандыгы барларга жергебизден кыймылсыз мүлк сатып алууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштегенге жол берилбейт. Бул жан багуу үчүн башка өлкөнүн жарандыгын алууга аргасыз болгон мекендештерибизге ыңгайсыздык жаратып келет. Алар иштеп тапкан акчасына Кыргы Республикасынан алган мүлктөрүн башка бирөөлөрдүн атына каттатып жүрүшөт. Бул маселе боюнча өкмөт карманып турган позиция да ойлондурат. Текебаевдин сынынан соң өзүн жоготуп барып, араң сөзүн тапкан өкмөттүн өкүлү “мыйзам кабыл алынса, башка улуттун жарандары кыргыздын там-ташын, жеринин баарын сатып алып коёт, бул жакта жашап жаткан жарандарыбыздын каржылык мүмкүнчүлүгү аларга тең келе албайт” деген кооптонууну айтты...

Журналисттер өкмөт мүчөлөрүн артынан ээрчибей, жасаган ишин элге жеткирүү үчүн министрлер журналисттердин артынан ээрчиши керек... Маңызы ушундай мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинен 1-окуудан өткөнүн депутат Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Мыйзам колдоо тапса, өкмөттүк бардык органдар кабыл алынган маанилүү чечимдерин элге жеткиликтүү түшүндүрүүгө милдеттүү болот. Турак жайды, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу, жөлөк пул маселелери элге жакшылап түшүндүрүлбөй жатканын айтат депутат.

Мыйзам өкмөттүк түзүмдөгү бюрократияны азайтып, журналисттердин ишин жакшыртмакчы. Азыркы учурда кайсы бир чечимдерди элге жеткиликтүү түшүндүрүүгө чиновниктер баш оорутуп отурушпайт. Түшүндүрмө сурап кайрылган журналисттердин мамлекеттик тийиштүү мекемеден жооп алышы өзүнчө түйшүк. Бири экинчисине, экинчиси үчүнчүсүнө шылтап отуруп акырында жооп берчү адам табылбай калган учурлар көп кездешет. Депутат мисал келтирген камсыздандыруу мыйзамын да түзүктөп түшүндүргөн мамлекеттик орган болбоду. Ошондуктан элдин калың катмарында камсыздандыруу деген эмне, ал элге эмнеси менен зарыл экендиги боюнча кенен маалымат жок. Камсыздандырууга айдоочулардын көпчүлүгүнүн каршы чыгып жатышына ушул жагдай да таасирин тийгизүүдө. Мамлекеттик ипотека боюнча дагы ушундай эле абал...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан