Бүгүн, 7-июнда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VI жыйынынын алкагындагы өкмөт башчыларынын тар курамдагы жолугушуусунун 1-раунду жыйынтыкталды. Бул тууралуу журналисттерге өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов баштаган делегациялар 2 сааттын ичинде айыл чарба, транспорт жана энергетика маселелерин талкуулашты. "Жолугушуунун 2-раунду качан өтөрү аныктала элек. Сүйлөшүүлөр бүткөндө премьер-министрлер билдирүү жасашмакчы", - деди Эсенгулов.
Айта кетсек, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VI жыйынынын жыйынтыгында 2 документке кол коюу пландалууда. Алар:
1) КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
2) Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VI жыйынынын протоколу.