Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөө жол-жоболорун кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Демилгечилердин бири депутат Аида Салянова мыйзам долбоору аркылуу камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөөнү токтотуу сунушталып жатканын белгиледи. "Камакта жаткан депутаттар маянасын алууну уланткан учурлар болгон. Ошондон улам депутат кылмышка шектелүү менен камакка алынып, ал өз ыйгарым укуктарын аткарууга мүмкүнчүлүк жок болсо, маяна төлөө токтотулууга тийиш. Эгер депутат акталып чыкса, анда эмгек акысы толугу менен төлөнүп берилет", - дейт ал.