Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбооруна кайра добуш берүү сунушталды. Депутат Исхак Масалиевдин айтымында, 26-майда аталган долбоорго биринчи жолу добуш берилип жатканда ал сыртка чыгып кетип, башка депутат анын ордуна "каршы" деп добуш берген.
"Мен мыйзам долбоорунун демилгечилеринин биримин. Мен "макул" деп добуш бермекмин. Ордума башка бирөө "каршы" добуш берип коюптур. Кечээ бул маселе тармактык комитетте каралган. Бүгүн долбоорду кайра добуш берүүгө киргизүүнү сунуштайм", - деди Масалиев.
Вице-спикер Нурбек Алимбеков бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди. "Азыр танапистен кийин аталган мыйзам долбоорун кайра добуш берүүгө киргизүү же киргизбөө маселесин добуш берүү аркылуу чечебиз", - деди Алимбеков.
Айта кетсек, 26-майда Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун четке кагышкан. Бул долбоорго 44 депутат "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берген. Жалпысынан добуш берүүгө 105 депутат катышкан.
Сунушталган мыйзам долбоору жашы жетпегендердин өмүргө, ден соолукка, билим алууга жана алардын эң төмөнкү нике курагына жетүүгө укугун коргоого, ошондой эле балдардын жана аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган. Жашы жетпегендер менен никеге турууга жол бербөө балага жубайлык зомбулуктун бардык мүмкүн болуучу түрлөрүнөн, анын ичинде кара күч, психикалык жана сексуалдык зомбулуктан коргоого көмөктөшөт. Мыйзам долбоору ар кимдин жубайын эркин тандап алууга жана мажбурлаган никелерден коргоо укугун ишке ашырууга да багытталган.
Эгерде нике курагы жөнүндө Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, мыйзам долбоору жашы жетпегендер менен диний нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова, Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев.