Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору буга дейре Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салган, өндүрүштү жөндөгөн жана калкка жумуш орундарын камсыз кылган, ал өз кезегинде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жагымдуу таасир тийгизген, айрым түзөтүүлөрдү кабыл алуу менен тыюу салынган негизги ишинин түрүн жүзөгө ашырууну уланткан. Бирок ал ЭЭАнын бул субъекттери катталган учурда негизги ишинин түрүн өзгөртпөгөн, тыюу салынды деп саналбаган эркин экономикалык зоналардын субъекттерине мүмкүндүк берүү максатында иштелип чыккан.
Талкууда "эркин экономикалык аймактын негизги принциби акциздик товар чыгаруу эмес" деген депутат Өмүрбек Бабанов мындай түзөтүү менен республикалык бюджетке каражат түшүү жагдайы кемий тургандыгын, андыктан бул маселеге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. "Мындай түзөтүү киргизүү ЭЭАдан сырткаркы өндүрүшчүлөрдүн укуктары тебеленет" деген пикири менен депутат Кожобек Рыспаев бөлүштү. Мындай пикирди дагы бир катар депутаттар колдоого алышты. Экономика министрлигинин өкүлдөрү акцизделе турган товарлардын (мында тамеки өндүрүүчү ишкана жөнүндө сөз болууда) салыгы төлөнөрүн айтып, республикалык бюджетке каражат түшүү кемибестигин билдирди.
Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.