Шыкмаматов "Бекешевдин унааларды камсыздандаруу боюнча суроолорунда интрига бар" деп шектенди

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” жана “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарынын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдырууну көздөгөн мыйзам долбоору 2-окууда каралууда.

Анын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Мамлекеттик каржы көзөмөл агенттигинин башчысы Санжар Муканбетовго унааларды камсыздандыруу боюнча бир нече суроо берди.

Бекешев: - Камсыздандыруу компанияларын жетектегендердин арасында туугандарыңыз барбы?

Муканбетов: - Камсыздандыруу компанияларынын жетекчилеринин ичинде туугандарым жок.

Бекешев: - Унааларды камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору качан демилгеленген?

Муканбетов: - 2013-жылы демилгеленген.

Бекешев: - Ал кезде юстиция министри ким болгон? Мыйзам долбоорунун үстүнөн жүргүзүлгөн экспертиза боюнча корутундуга ким кол койгон?

Муканбетов: - Мыйзам долбоору демилгеленген учурда Алмамбет Шыкмаматов Юстиция министрлигинин жетектеген. Ал корутундуга кол койгон.

Бул суроолоруна жооп алган соң Д.Бекешев диалогду жыйынтыктады.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов микрофонго чыгып төмөнкүлөрдү айтты: "Дастан Далабаевичтин (Бекешев - ред.) суроолорунда интрига бар... Мен кол койгон корутундуда эскертүүлөр белгиленген".

Д.Бекешев бул жерде эч кандай интрига жок экенин айтты.

С.Муканбетов Шыкмаматовдун корутундусундагы эскертүүлөр редакциялык мүнөздө экенин билдирди. Мындан тышкары Муканбетов “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” жана “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарынын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдырууну көздөгөн мыйзам долбоорун четке кагууну суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан