Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июнда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчы негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, баалардын туруктуулугун кармап туруу жана анын ичинде өлкө ишкерлери менен фермерлерине берилүүчү насыялардын көлөмүн арттыруу аркылуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.
Толкунбек Абдыгулов 2016-жылдын май айында өлкөдө инфляциянын көлөмү жыл башынан бери 3,4 пайызга төмөндөп, 0,2 пайызды түзгөнүн айтты. "Банктарды капитализациялоо процесси уланууда. Быйылкы жылдын 1-июлуна алардын капиталы 400 миллион сомго, ал эми 2017-жылдын 1-июлуна карата 600 миллион сомду түзөт", - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өлкөдө накталай эмес төлөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга карата эсептелген мамлекеттик программанын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.
Мамлекет башчы өлкө үчүн тобокелчиликти азайтуу жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Улуттук банк эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен накталай эмес жүргүзүүнүн үлүшүн арттыруу аркылуу экономиканын долларлашуусунун деңгээлин төмөндөтүүгө багтытталган бул программаны аткаруу боюнча иш-чараларды активдүү турмушка ашыруусу керек экенине токтолду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.