Жогорку Кеңеште жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Өкмөттүн берген маалыматына караганда, учурдагы техникалык даярдыктын жетишсиздигинен улам жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдыруу демилгеси сунушталууда. Жарандар өздөрүнүн жылдык кирешелери менен чыгымдары тууралуу маалыматты да ачыкка чыгарууга тийиш. Ал үчүн Салык кодексине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.
Депутаттар өкмөттүн дарегине жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн жыл сайын улам кийинкиге жылдырып келатканын сынга алышты. Депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, көп аткаминерлер өз мүлкүн башка адамдарга каттатып койгондуктан, мындай кадам атайылап жасалууда. Анткени бул мыйзам күчүнө кирсе, ал мүлк катталган адамга тиешелүү болуп калат.