Түркияда депутаттардын кол тийбестик укугу алынып салынды. Тиешелүү мыйзамга Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кол койгонун бүгүн, 8-июнда Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кол тийбестик боюнча мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын май айында көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынган. Мында 550 депутаттын ичинен 376 депутат кол тийбестикти алып салууга макулдук берген.
Долбоорду бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы көтөрүп чыккан. Мыйзамдын кабыл алынышына Күрддөрдүн элдик демократия партиясы каршы болгон. Эгер мыйзам кабыл алынса, депутаттар бийлик тарабынан кысымга алынат деп тынчсызданышкан.
Түркиянын прокуратурасы 138 депутаттын кол тийбестигин алып салуу боюнча сунушун өлкө парламентине жиберген болчу.