Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун кайрылуусуна чара көрүлбөгөнү үчүн өкмөткө жана парламентке нааразы болду.
"Депутат Жанар Акаевге жихад жарыяланды. Чубак ажы Жалилов "жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетине каршы добуш берген депутаттардын көзү өтсө жаназа окулбасын" дептир. Диний ишмерлер мамлекеттик башкарууга кийлигише алышабы? Аталган демилгеге бир гана депутаттар эмес, өкмөт, бир нече мамлекеттик мекеме каршы болгон. Өкмөт менен парламенттен эч кандай жооп жок. Президенттен кийин гана иш кылуу жаман адатка айланды", - деди Момбеков.
Айта кетсек, 7-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде жума күнкү тыныгууну 1 саат эмес, 2 саат кылуу нормасы каралган мыйзамдын долбоору талкууланып, ага 3 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген. Демилгечилер жума намазына барууга мамлекеттик кызматта иштегендерге шарт түзүп берүү керектигин айтышууда. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен долбоор четке кагылган. Чубак ажы Жалилов долбоорго каршы чыккан депутаттарга кол берип учурашпай турганын, шайлоолордо аларга добуш бербөөгө жарандарды чакырарын айткан.