Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында депутаттар "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоорун 1-окууда карап, добуш берүүгө жөнөтүштү.
Анын жүрүшүндө депутаттар "балдарынын бири оор кылмыш жасагандыгы үчүн энесине "Баатыр эне" наамын бербей коюу туура эмес" деген пикирди билдиришти.
Депутат Таабалды Тиллаевдин айтымында, эч бир эне баласы кылмышкер болсун деп төрөбөйт. "7-8 баланы төрөп, багуу оңой эмес. Жашоодо ар кандай учур болот. Балдарынын бири кокустан кылмыш жасашы мүмкүн. Бул жерде кылмыш жасаган баланын энесинин күнөөсү жок", - деди Тиллаев.
Депутат Талант Мамытов "балдарынын бири өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон учурда энесин Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт" деген жобону көп балалуу энелердин укуктарын тебелөө деп баалады. "Биз көп баланы төрөгөнү үчүн "Баатыр эне" наамын берип жатабызбы же туура тарбиялаганы үчүнбү?" - деп таң калды Мамытов.
Депутат Курманкул Зулушев "Баатыр эне" наамын алган энелерге бөлүнчү акчалай сыйлыкты көтөрүүнү сунуштады.