Президент Алмазбек Атамбаев "2016-жылы 11-мартта Бишкекте кол коюлган "Улуттук госпиталдын Нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду ортосунда кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылы 2-июнда кабыл алган.
Ратификацияланган макулдашуунун негизги максаты дарылоо-диагностикалык жабдыктары бар заманбап комплекс менен жабдылган Нейрохирургиялык борборду куруу болуп саналат. Борбордо нейрохирургиялык багыттагы ооруларга жогорку адистештирилген чукул жардамдар берилип, устат адистер даярдалат.
Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу тийиштүү инфраструктура түзүлүп, техникалык каражаттар алынат, андан тышкары сапаттуу жана коркунучсуз нейрохирургиялык кызматтарды көрсөтүү жана калк өлүмүн азайтуу максатында заманбап медициналык техникага жана адистештирилген диагностикалык жана дарылоо кызматтарга муктаждык канааттандырылат.
Президенттик аппарат мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кире турганын билдирди.