Министр Талантбек Батыралиев өкмөт башчы Жээнбековго Бишкектеги жарылууда жаракат алгандар тууралуу маалымат берди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда cаламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Министр өкмөт башчыга Бишкекте 2016-жылдын 6-июнунда газ цистернасынын жарылышы жана жүк ташуучу унаалардын өрттөнүүсүнүн кесепетинен жабыркаган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча чаралар жана ал жарандардын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу маалымат берди.

Талантбек Батыралиев белгилегендей, оорулуулар үчүн зарыл болгон бардык дары-дармектер жетиштүү.

"Жабыркагандарды дарылоо мамлекеттин эсебинен камсыздалууда. Мындан тышкары жарандардан жана ар кыл уюмдардан ыктыярдуу түрдө жардамдар келүүдө. Тилекке каршы, 9-июнга карата Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген жабыркаган үч жаран каза болгон", - деп маалымдады министр.

Премьер-министр саламаттык сактоо министрине жабыркагандарга үзгүлтүксүз медициналык жардам көрсөтүү жана алардын жакындарына моралдык колдоо көрсөтүү боюнча ишти улантууну тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өкмөттүн резервдик фондунан алардын дарылануусуна 200 миң сом которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан