Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов журналист делген аял андан мыйзам долбоору боюнча кандай добуш бергенин сураганы үчүн нааразычылыгын билдирди.
"Жогорку Кеңеште тартип барбы деги? Бул журналист аккредитациядан өткөнбү? Эмнеге мен кандай добуш бергенимди түшүндүрүп беришим керек?" - деп нааразы болду Жамалдинов.
Андан соң Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери ошол аялды журналисттер отурган жайдан сыртка чыгарышты.
Депутат Жанар Акаев Жамилдиновду журналист сурап койгону үчүн ачууга алдырбоого чакырды. "Парламенттин жыйындары ачык-айкын өтөт. Менден да журналисттер, депутаттар сурашат, сындашат. Муну туура кабыл алуу керек", - деди Акаев.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, депутат Жамалдиновго журналист эмес, бейөкмөт уюмунун өкүлү суроо менен кайрылган.