Жалал-Абад жана Баткендеги жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу үчүн өкмөт 700 миллион сом которсо, жарандардан 60 миллион сом түшкөн

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин, каржы министри Адылбек Касымалиевдин, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун, транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровдун, айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин жана Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин катышуусунда кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак райондорунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда орун алган жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү каралды.

Касымалиев маалымдагандай, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү жана чыгашаны толуктоо максатында Каржы министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 700 миллион сом которгон. Маалыматка ылайык, өлкө жарандарынан жана ишканаларынан каржылык жардам катары 60 миллион сом түшкөн. Министрдин айтымында, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн каражат жетиштүү.

Кубатбек Боронов белгилегендей, жер көчкү жана селдердин кесепетин жоюу боюнча каражат жана күч жетиштүү.

Сел жүргөн Аксы районунда калыбына келтирүү иштери жыйынтыкталууда. Жер көчкүдөн жабыркаган Сузак районунун жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөн.

"Учурда Баткен облусунун Кадамжай районунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдөбүз, анда жаратылыш кырсыгынын натыйжасында инфраструктуралык объектилерге зыян келтирилген. Ички чарба көпүрөлөрүнүн 12син кайрадан куруп чыгуу керек", - деп маалымдады Кубатбек Боронов. Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровдун айтымында, бүгүнкү күндө көпүрөлөрдүн долбоору иштелип чыккан, жер-жерлерде жол кызматынын атайын техникасы иш алып барууда.

Статс-катчы Самат Бөрүбаев маалымдагандай, ведомство тараптан райондордо жаратылыш кырсыгынан зыян тарткан объектилердин такталган тизмеси түзүлгөн. Жакынкы арада биринчи кезектеги курулуштар башталат. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жаңы мектептин орду жана долбоору даярдалган. Тийиштүү ведомстволордун экспертизасы аяктаган соң мектептин курулушу башталат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындан ары карай дагы жергиликтүү бийлик органдары жана тургундар менен тыгыз байланышта иш алып барып, жабыркагандардын кайрылуусуна ыкчам жооп кайтарууну тапшырды. Өкмөт башчы кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча коюлган милдеттердин өз мөөнөтүндө аткарылышы зарыл экенин белгилеп, ар бир тийиштүү министрлик жана ведомстволордун мындан аркы иш-аракетин бекитти, алар жер-жерлердеги калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматты үзгүлтүксүз түрдө маалымдап турууга тийиш. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан