Чыныбай Турсунбеков Швейцариянын Федералдык жыйынынын Кантондор кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Швейцариянын Федералдык жыйынынын Кантондор кеңешинин төрагасы Рафаэл Конт менен жолугушту.

Жолугушууда Чыныбай Турсунбеков саясий мамилелер, анын ичинде парламенттер аралык байланыштар эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүү өбөлгөсү болуп саналарын белгиледи. Ошону менен катар ырааттуу жана тутумдуу мүнөздөгү эки жактуу байланыш түзүү максатында эки өлкөнүн парламенттери менен өкмөттөрүнүн деңгээлиндеги туруктуу карым-катнаштар аркылуу өз ара аракеттенишүүнү күчөтүү керектигин сунуш кылды. “Бул өңүттөн алганда, дүйнө жүзүндөгү эң өнүккөн жана эң эски институттардын катарына кирген Швейцариянын демократиялык институттарынын тажрыйбаларын иликтөө жана кабыл алуу бизге пайдалуу”, - дейт төрага.

Инвестицияларды тартуу маселесине токтолгон Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасында Швейцария бизнеси үчүн бардык жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи. Ал каржылык кызмат көрсөтүүлөр, туризм (тоо-лыжа базасы), энергетика, энергиянын кайра жаралуу булактарын, транспорттук инфраструктураны жана айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле ири, чакан жана орто ГЭСтерди курууга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз кылды.

Өз кезегинде Рафаэл Конт Кыргыз Республикасынын парламенттик демократияны курууда жана өнүктүрүүдө маанилүү кадамдарды жасагандыгын айтып, мындан аркы демократиялык баалуулуктарды алга жылдырууда колдоо боло тургандыгына ишендирип өттү.

Эске салсак, төрага Чыныбай Турсунбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Швейцариянын Улуттук Кеңешинин төрайымы Криста Марквальдердин чакыруусу менен 6-9-июнь күндөрү Швейцария Конфедерациясында расмий иш сапары менен болду. Ал эми Венгриянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ласло Кёвердин чакыруусу боюнча 9-11-июнь күндөрүндө Венргияда расмий иш сапары менен болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан