Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 10-июндагы көчмө жыйынында Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнүн тутуму каралууда.
Анын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Бабанов маалыматтар базасын бекем сактоо керектигин айтты. "Билл Гейтстин "Майкрософт" программасын бузуп жатышса, ири банктардын базаларына кирип акча уурдап жатышса, өлкөбүздүн жарандарынын маалымат базасына эч ким кире албайт деген кепилдик жок", - деди Бабанов.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо систем туруктуулук бергенин айтып, бир партия шайлоону эскиче өткөрүш үчүн 1,5 миллион доллар сунуштаганын кошумчалады. "Бул партиянын аталышын атабай эле коёюн. Ал учурда парламентте. Партия акчаны өзүнүн пайдасы үчүн эмес, шайлоону эски схема менен өтүүсү үчүн сунуштаган дешти. Бирок колунан келген жок. Систем туруктуулук бере алды", - Сарпашев.