Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу жеңил өнөр жай кызматкерлери жана ардагерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Совет мезгилинде республиканын ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгү жеңил өнөр жайдын үлүшүнө туура келчү, ондогон ири ишканалар бар эле. Бүгүнкү күндө текстиль жана кийим тигүү өнөр жайы Кыргыз Республикасы үчүн жогорку экспорттук потенциалы бар артыкчылыктуу тармак бойдон калууда.
“Кыргыз Республикасында жасалган” деген белгиси бар товарлардын 90 пайыздан ашыгы Орусияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө экспорттолот, бул кийим тигүү продукциясынын сапаттуу экендигинин кепилдиги болуп саналат. Өлкөбүздө миңдеген жаңы ишканалар пайда болду, 150 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү.
Акыркы жылдары кийим тигүү тармагы экономикалык кризистин айынан кыйынчылыктарга туш болуп, өндүрүштүн көлөмү азайып кеткенин моюнга алуу керек.
Мамлекет жеңил өнөр жай чөйрөсүн кошо алганда, ишкерлердин ишине дем берүү боюнча чараларды көрүүдө. Бүгүнкү күндө интеграциялык союздун рыногунун ичинде товарларды өткөрүү үчүн бардык соода жана бажы тоскоолдуктары алынды жана Евразиялык экономикалык союзунун рынокторуна жүктөрдү жеткирүү боюнча транспорттук чыгымдар дээрлик эки эсеге кыскарды. Бул текстиль-кийим тигүү продукциясын экспорттоону жогорулатууну камсыз кылууга, жаңы сатуу рынокторуна чыгууга жана Кытайдан контрафакт продукциясынын алынып келинишин азайтууга мүмкүндүк берет.
Оңой эмес экономикалык шарттарга карабастан, жеңил өнөр жай ишканалары өндүрүш технологияларын дайыма өркүндөтүп, ассортиментти кеңейтип жана өзүнүн продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Таланттуу дизайнерлер иштеп чыккан, сапаттуу кездемеден тигилген продукция Орусиянын жана Казакстандын ири шаарларына чейин жетип, дүкөндөрдүн текчелеринде татыктуу орунду ээлеп, алардын шарттарына да туура келет. Кыргыз өлкөсүндөгү дизайнерлер дүйнөнүн мода көрсөтүүчү жерлеринде улуттук кийимдерибиздин уникалдуу коллекциясын көрсөтүүдө, ал эми Бишкекте өткөрүлүүчү эл аралык көргөзмөлөр ата мекендик товарлардын баркын көтөрүп, республиканын жеңил өнөр жайына көбүрөөк көңүл бурдурууда.
Мен жеңил өнөр жай кызматкерлеринин көөнөрбөс салты сакталып, арта берет жана республикабыздын андан ары өнүгүшүнө кызмат кылат деп ишенем.
Урматтуу жеңил өнөр жай кызматкерлери жана ардагерлер!
Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакыт-таалай, түгөнгүс күч-кубат, жаңы идеяларды жаратууну жана алардын орундалышын каалайм!"