Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды.
Жолугушууда укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле ведомстводогу жүргүзүлүп жаткан реформалар маселеси талкууланды. Министр өкмөт башчыга кылмыштуулукка, экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү күчөтүү, кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштер тууралуу маалымдады.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министр Кашкар Жунушалиевдин көңүлүн коомчулукта кеңири талкууланган пикирге же айрым кылмыштардын бети ачылбай жаткандыгына, өзгөчө жарандарга карата талап-тоноо максатында кол салуу кылмыштары ачылбай калып жаткандыгы тууралуу маселеге бурду. Премьер-министр бул багыттагы ишти күчөтүүнү тапшырып, көбүнесе ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишинен жарандардын бийликке болгон ишеними көз каранды экенин белгиледи.
"ИИМ алдындагы негизги милдет коомчулуктун милицияга болгон ишенимин жогорулатуу болуп саналат. Бул иш ар бир милиция кызматкери өз милдетин так, таза аткарганда гана ишке ашат", - деп билдирди Жээнбеков.
Өкмөт башчы министр Кашкар Жунушалиевдин алдына ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ар кандай коркунучтарга жана чакырыктарга натыйжалуу мамиле кылуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды койду.
Мындан тышкары жеке курамдын арасындагы тартипти бекемдөө, адистерди кесиптик жактан даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле "Коопсуз шаар" долбоорунун айланасындагы кырдаалды иликтеп чыгып, жакынкы аралыкта маалымат берүү милдеттерин тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.