"Кыргыз алтындын" мурунку жетекчиси Дастан Сарыгуловго "Центерра Голд" тарабынан кээде ай сайын 200 миң доллардан берилип турганын "Камеко", "Кумтөр Оперейтинг", "Кумтөр Голд", "Центерра Голд" компанияларынын мурунку президенти Леонардо Хоменюк Башкы прокуратурага 6-июнда жиберген катында белгилеген.
Хоменюк өз катында: "Мен "Кумтөр Оперейтинг Компани", (КОК), "Камеко Голд" ишканаларын башкарып турган учурда "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчилери Дастан Сарыгулов, Камчыбек Кудайбергенов (каза болгон), президенттин аппарат бөлүмү, президенттин үй-бүлөсүнүн жакындары жана башка бийлик органдары ар кыл себептерди айтып тынбай акча алып турушчу. Саясий шайлоолорго да акча которулчу. Мындай талаптар кээде абдан чоң болуп, ай сайын 200 миң доллар берилчү. Сарыгулов менен Кудайбергенов дайыма бул тапшырмалар президенттин аппаратынын кысымы аркылуу болуп жатканын билдиришчү. "Камеконун" саясатына ылайык, мындай талаптар макулдашуу боюнча Директорлор кеңешинде каралып, андан кийин чечим кабыл алынып, ошол кездеги президенттин жубайы М.Акаеванын "Мээрим" кайрымдуулук фондуна которулчу", - деп айтылат.
Эскерте кетсек, Дастан Сарыгулов бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу тууралуу кылмыш ишинин негизинде жана жаңы жагдайлар боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
УКМК учурда "Камеко", "Кумтөр Оперейтинг", "Кумтөр Голд", "Центерра Голд" компанияларынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Дастан Сарыгулов "Кыргыз алтын" ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге барганы боюнча көрсөтмөлөрүн карап жатканы айтылды. Сарыгулов 1992-1999-жылдары "Кумтөр" долбоорунда кыргыз тараптан куратор болгон.
Ошондон улам жаз айларында өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга болгон аракеттер "Кумтөр" долбоору боюнча коррупциялык иштер тергөө органдары тарабынан жигердүү иликтенип баштагандыгына байланыштуу болушу мүмкүн экендиги каралууда.
Буга чейин оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан. Алар менен бирге Дастан Сарыгулов да суракка алынып, үй камагына калтырылган эле.