КҮНСЕРЕП: “Кумтөр” боюнча кыргыз бийлиги чечкиндүү аракеттерге өттү

Бүгүн, 13-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү эски курулуштар бузулушу мүмкүн. Тагыраагы, Карпинский, Линейная, Жибек-Жолу көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймакта 1996-жылга чейин курулган курулуштарды мэриянын балансына алып коюу тууралуу Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлду. “Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары демилгелешкен. Документтин максаты – Кыргыз Республикасынын борбор шаарын заманбап көрүнүшкө келтирүү. Комплекстүү архитектуралык стилди сактоонун негизинде жаңы заманбап имараттарды куруу үчүн эскилиги жеткен үйлөрдү (менчигинин түрүнө карабай) жана имараттарды мэриянын балансына алып коюп, сүрдүрүү сунушталууда.

“Шаарга жаңы имараттарды куруу жер тилкесин сатып алуудан башталат. Сатып алуу процессинде мыйзамдарда жөнгө салуучу рычагдардын жоктугунан улам эскилиги жеткен, тамтыгы чыккан үйлөрдүн ээси тарабынан бааны негизсиз көтөрүү кадимки көрүнүш болуп калган. Жер тилкесинин өзүн өзү актабаган кымбат баасы шаардын динамикалуу өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жатат”, - деп айтылат долбоордун түшүндүрмөсүндө.

Сунушталып жаткан долбоорго ылайык, мэриянын балансына алынып коюлуучу мүлктүн баасы мэриянын комиссиясы, көз карандысыз риэлтордук компаниялар жана кыймылсыз мүлктүн реалдуу орточо базар баасын аныктоо боюнча көз карандысыз баалоочулар тарабынан аныкталат. Тартылып алынган менчик мүлктүн ордун толтуруу маселесиндеги талаштар сот аркылуу чечилмекчи. Ал эми кайсы имаратты алып коюуну Бишкек мэриясы же Бишкек шаардык кеңеши демилгелейт.

Бишкекте азыр бош жаткан жер дээрлик жок. Бала бакчалар, көп кабаттуу үйлөрдүн аянтчалары, ооруканалардын, мектептердин тегерегиндеги бакчалар кескиленип сатылып бүткөн. Эртеби-кечпи бул маселе акыры көтөрүлмөк. Мыйзам долбоорунун демилгечилери келтирген аргумент бир укканга ынанымдуу. Жепирейген эски тамдар “элитка” аталып салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн, бизнес борборлорунун, жалпы эле борбор шаардын көркүн бузат. Мегаполистер асман тиреген имараттарды куруу менен бири-бирине атаандашып жаткан жашоо агымынан Бишкектин четте калышы мүмкүн эмес. Бирок бул демилгеде медалдын экинчи бети көп түйшүктү жаратып, жер тилке мафиясынын араанын ачат. Жер тилкесин, үйлөрдү “базардагы реалдуу баасы” ушул деп текейден арзан баада тартып алып, бизнес долбоорлору үчүн эселеп кымбатка сатуу күчөйт. Баш мыйзамдын 12-беренесинин 2-пунктунда менчиктин кол тийгистиги, эч ким өз билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эместиги, менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилери белгиленген. Ушул эле пунктта “коомдук муктаждыктар” үчүн мүлктү мамлекет соттун чечими аркылуу алып коё алары айтылат. Эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен колдоо таап, ишке кирчү болсо, Бишкекти “мыйзамдуу рейдерликтин” толкуну капташы толук мүмкүн.

Митингге чыгып бийликке талап коюу кезеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жетти. Ак үйдүн алдына бүгүн Кыргыз Республикасынын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү нааразычылык акциясына чыгышты. Алар “майыптарды курал катары колдонду” дешип уюмдун башчысы Калык Мамбетакуновду жазага тартууну талап кылышууда.

Уюмдун мүчөлөрү нааразычылыгын буга чейин эле айтып келишкен. Тагыраагы, алар Мамбетакуновду коррупциялык иштерге айыпташууда. Мамлекет тарабынан Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында майыптар үчүн курулган үйлөрдү туугандарына, жакындарына, өзүнүн дос-тааныштарына мыйзамсыз берип, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтышып нааразы. Мамбетакуновдун алты саны аман жакындары 2-3 жолудан үй алышканын, ал эми чыныгы үйгө муктаждардын кызыкчылыгы корголбой жатканын билдирип жатышат.

Кырдаалга бүгүн парламент депутаты Дастан Бекешев кийлигишип, үй бөлүштүрүүдө тааныш-билиштик болуп кеткенин айтты. “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга бөлүнгөн 225 батирдин 10-15и тиешеси жок адамдарга берилип кеткен. Нааразы болуп митингге чыккандар батирлердин бири Калык Мамбетакуновдун өкүл баласына берилгенин айтып жатышат. Муну калыс иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү, бир айдан кийин жыйынтыгы чыгарылат. Буга чейин Ички иштер министрлиги да иликтеп, мыйзам бузууларды тапкан эмес. Менимче, ИИМ тергөөнү терең жүргүзгөн эмес", - деди.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун учурда 10 миңдей мүчөсү бар. Алардын 3 миңдейи үй алуу үчүн кезекте турат. Калык Мамбетакунов уюмду 1990-жылдан бери жетектейт. Айтылгандарды иликтеп жыйынтык чыгаруу укук коргоо органдарынын иши. Өлкө жетекчисинин колдоосу менен тамырлашкан коррупцияны жоюу аракеттери жүрүп, бир топ мурунку чиновниктер кармалып, сурак берип жатышат. Коррупциянын кулачы азиздер менен дүлөйлөрдүн ырыскысына чейин тамырлап кеткени өкүнүчтүү.

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу боюнча козголгон кылмыш ишиндеги жаңы жагдайларга жана “Кумтөргө” байланыштуу коомдук ишмер Дастан Сарыгуловду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кармап, камакка алды. "Камеко", "Кумтөр Оперейтинг", "Кумтөр Голд", "Центерра Голд" компанияларынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Дастан Сарыгулов "Кыргыз алтын" ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге барганын айткан көрсөтмөлөрү иликтенүүдө.

Хоменюктун башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атына жазган катында 1992-1999-жылдары “Кыргыз алтынды” жетектеп турушкан Дастан Сарыгулов менен Камчыбек Кудайбергенов президенттик администрациядан кысым болуп жатканын айтып мамлекеттик органдардын түрдүү максаттары үчүн “Кумтөр” ишканасынан каржылык төгүмдөр үчүн ири суммада акча бөлдүрүп алып турушканы айтылат. Убагында Майрам Акаеванын “Мээрим” фондуна да акча которуулар болгону белгиленет. Катты бүгүн УКМК жарыялады.

УКМК "Кумтөр" долбоорундагы коррупциялык аракеттерди ачууда Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштары тарабынан тоскоолдуктар болуп келгенин белгилейт. 2016-жылдын мартында буга чейин коомчулукка көрүнбөгөн мурдагы чиновниктердин активдешип, “Элдик парламент” аталып чыга келиши, өлкөдө тополоң уюштурууга болгон аракеттер "Кумтөр" боюнча коррупциялык иштер тыкыр иликтенип башталганына байланыштуу болушу мүмкүн деген версиялар бар.

Быйыл жазында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген шек менен кармалып, камакка алынган. Алар менен бирге Дастан Сарыгулов да суракка алынып, сот чечими менен үй камагында калтырылган эле. Андан соң Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев камакка алынган. Сарыгуловго тагылып жаткан айыптар олуттуу, бул жолу ага үй камагынын ыраа көрүлүшү кыйын.

Акыркы мезгилде “Кумтөр” долбоору боюнча кыргыз бийлиги чечкиндүү аракеттерге өтө баштады. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери келе жаткан бул маселеге чекит коюу үчүн ириде саясый эрк керек. Өлкө башчысында андай эрк бар экендиги байкалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан