Өлкөнүн токойлорун сактоо багытында 16 миллион доллар бөлүнөт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 13-июнда "Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана кыргыз өлкөсү менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгаруу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.

Келишимге ылайык, токой экосистемдерин интеграцияланган башкаруу боюнча долбоордун алкагында 16 миллион доллар өлчөмүндө акча бөлүнөт. Анын ичинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 6,6 миллион доллар жеңилдетилген насыя, ал эми Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5,4 миллион доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү.

Маалыматтарга караганда, Кыргыз Республикасында 616 миң чарчы чакырым токой аянты бар же өлкө аймагынын 6,6 пайызын ээлейт. Анда өлкө калкынын 42 пайызы жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан