Чыңгыз Бекташов өкмөткө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы болуп кайра дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 13-июнда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Премьердин башка буйругу менен Бакыт Рыспаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Ал эми Таалайбек Нурбашев Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагылыгына Санжар Муканбетов бекитилди.