Прокуратура Аскер сотунун 7-Апрель боюнча соттолгондорго карата чыгарган чечимине макул болбой Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу 14-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, 23-майда Аскер соту Апрель окуясы боюнча соттолгон Нурлан Турсункулов, Алмазбек Жолдошалиев, Каныбек Жороев, Эльмурза Сатыбалдиев, Мурат Суталинов, Нурлан Темирбаев жана Данияр Дунгановго карата мунапыс кабыл алган.
Прокуратура кызмат учурунда кылмыш кылгандарга карата мунапыс кабыл алынбай тургандыктан, Аскер сотунун чечими мыйзамсыз экенин белгилейт.
Эскерте кетсек, Аскер соту Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев жана Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратып, Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиевди 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим кабыл алган.