17-июнда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин демилгеси менен уюштурулган "Демократияны өнүктүрүү: шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаңы технологиялардын ролу" аттуу эл аралык конференция өтөт.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы ага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттик делегациялары, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен окумуштуулар катыша турганын билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө парламентаризмди калыптандыруу жана парламенттик шайлоолорду жаңы шартта, жаңы нукта өнүктүрүү багытындагы бир катар баяндамалар угулмакчы.