Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 14-июндагы жыйынында "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Маалыматка ылайык, долбоордо сунушталган түзөтүүлөр аркылуу үлүш жерлерге көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын отургузууга уруксат берилүүдө. Буга мамлекеттик фонддун жерлери кирбейт. Долбоордо топурагы начар болгон үлүш жерлерди иштетип, сатууга ыңгайлуу болгон мөмө-жемиш дарактарын отургузуу каралган.
Талкуунун жүрүшүндө комитет мүчөлөрү көп жылдык мөмө-жемиш бактарын отургузууга уруксат берүү маселесинин күнгөй-тескейин талкуулашты. Мында жердин сапаты Айыл чарба министрлигинин астындагы Жер кыртышын изилдөө институту аркылуу аныкталары белгилүү болду. Депутат Дастан Жумабеков эгер үлүш жерлери болсо, үлүш ээлери өзү каалаган жерлерине каалаганын тиккендей кылып, жалпы эле үлүш жерлерине уруксат берүү керек деген пикирин ортого салды. Жыйынтыгында мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.