Ысык-Көлдүн жээгине капиталдык курулуш курууга тыюу салуу аралыгын 300 метрге чейин көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Экологиялык коопсуздук жаатындагы КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору экологиялык кырсыктарга, табигый флоранын жана фаунанын жок болуусуна бөгөт коюу максатында демилгеленген.

Ысык-Көлдүн жээгине капиталдык курулуш курууга тыюу салуу аралыгынын 100 метрлик чегинен улам бир топ сейил бак жана кумдуу жээк жерлери сатылып кетип, андан улам көл жээгиндеги жаратылыш фильтрлери болгон чычырканак сындуу бир топ өсүмдүктөр кыйылууда. Улуттук илимдер академиясы дагы Ысык-Көлдү табыгый түрдө тазалоочу өсүмдүктөрдү, көлдүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган флора, фаунаны сактап калуу үчүн керек болсо 300 метр да аздык кыларын белгилеген.

Депутат Максат Сабировдун айтымында, бүгүнкү күндө 100 метрге чейин курулган курулуштар көл жээгине салынган объектилердин жалпы санынын 30 пайызын түзөт, андыктан эми калган 70 пайыз көл жээгинин табигый тазалоочу жаратылышын сактап калуу зарыл.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан