Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутаттар үчүн кызматтык турак жайды, жеке транспортту жана башка артыкчылыктарды жокко чыгаруу, мамлекеттик кызматтын камкордук көрсөтүүчү кызматтарынын штаттык санын кыскартууга багытталган мыйзамдын долбоору кайчы пикир жаратты.
Демилгечи депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарынын 120 жардамчысына мамлекеттик бюджеттен 51,8 миллион сом чыгымдалат.
"Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын Автоунаа ишканасын жоюунун, жекече транспортту, кызматтык батирлерди жана жардамчынын штаттык кызматын кыскартуунун натыйжасында эң аз эсептөөлөр боюнча Жогорку Кеңештин чыгымдары 150,7 миллион сомго кыскарат. Ал эми бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин бир депутатына жылына өлкөнүн бюджетинин 6,7 миллион сому туура келип, мамлекеттик бюджеттен бардык депутаттарга жылына 798,5 миллион сом сарпталат. Мыйзам кабыл алынгандан кийин бошотулган кызматтык батирлер жана автомобилдер өкмөт тарабынан ачык аукцион аркылуу сатылууга тийиш", - деди Жээнчороев.
Депутат Айнуру Алтыбаева бул демилгеге каршы чыкты. "2010-жылы эл референдумга катышып, 21 жашка жеткен жаранга Жогорку Кеңештин депутаты болууга мүмкүнчүлүк берген. Ошентип парламентке жаш эл өкүлдөрү келишкен. Алар мамлекеттик кызматтарда иштеп, чоң көлөмдөгү акча каражатка ээ эмес. Эгер аталган мыйзам долбоорун кабыл алсак, парламентке байлар гана келе алышат. Мындан улам парламентке эл тарабынан ишенич жоголот, парламенттик өнүгүүгө жол тосулат", - деди Алтыбаева.
Депутат Мирлан Бакиров да артыкчылыктардан баш тартуу демилгесине каршы пикирин айтты. "Келечекте парламентке шайланып келчү жаш улан-кыздарга кызматтык батир берип коюу ашыктык кылбайт. Алар депутаттыкка түбөлүк эмес, 5 жылга шайланат", - деди Бакиров.
Депутат Максат Сабиров буга чейин фракция лидерлери депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу боюнча келишимди колдошконун эскертти. "Ошол келишимди мыйзамдаштырып коюш керек. Эгер ал келишимди кабыл албасак, анда жокко чыгарыш керек", - деди Сабиров.
Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Шайлоо алдында КСДП фракциясынын лидери болгонумда биздин фракция артыкчылыктардан баш тартуу боюнча документке кол коюп, убада берген эмес", - деп Сабировго жооп берди.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.