Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болуп шайланган Ашэра Халикова депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында жарыялады.
Өз сөзүндө ал президентке, парламент депутаттарына жана шайлоочуларга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. "Жеке себептерден улам депутаттык мандатымды тапшырып жатам. 8 ай билинбей өтүп кетти. Бул кыска мөөнөттүн ичинде мамлекетти бекемдөөгө салымымды коштум деп ишенем", - деди Халикова.
Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, КСДПнын тизмеси боюнча мандат Музаффар Исаковго берилмекчи.