Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкинанын талапкерлигин көрсөттү. Мындай чечим Карамушкинанын иш тажрыйбасын жана адамдык сапаттарын эске алуу менен кабыл алынганын фракциянын катчылыгы кабарлады.
Ал КСДП фракциясы аркылуу Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланган.
Эскерте кетсек, ушул жылдын январь айында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку мүчөсү Канат Азиздин жазган арызынын негизинде анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулган.