Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутаттар үчүн кызматтык турак жайды, жеке транспортту жана башка артыкчылыктарды жокко чыгаруу, мамлекеттик кызматтын камкордук көрсөтүүчү кызматтарынын штаттык санын кыскартууга багытталган мыйзам долбоору көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон жок. Добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган долбоорго "макул" деп 52 депутат, "каршы" деп 60 депутат добуш берди.
Айта кетсек, демилгечи депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин депутаттарынын 120 жардамчысына мамлекеттик бюджеттен 51,8 миллион сом чыгымдаларын билдирген.
"Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын Автоунаа ишканасын жоюунун, жеке транспортту, кызматтык батирлерди жана жардамчынын штаттык кызматын кыскартуунун натыйжасында эң аз эсептөөлөр боюнча Жогорку Кеңештин чыгымдары 150,7 миллион сомго кыскарат. Ал эми бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин бир депутатына жылына өлкөнүн бюджетинин 6,7 миллион сому туура келип, мамлекеттик бюджеттен бардык депутаттарга жылына 798,5 миллион сом сарпталат. Мыйзам кабыл алынгандан кийин бошотулган кызматтык батирлер жана автомобилдер өкмөт тарабынан ачык аукцион аркылуу сатылууга тийиш", - деген Жээнчороев.