Сот тутумунда иштеген судьялардын кирешеси менен чыгымдары ачыкка чыгарылат

Жогорку Кеӊеште судьялардын кирешеси менен чыгымын ачыкка чыгарууга багытталган конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбооруна ылайык, сот тутумунда иштеген бардык судьялар жыл сайын өзүнүн жана жакын туугандарынын кирешелери менен чыгымдары тууралуу декларация тапшырууга тийиш.

Белгилей кетсек, базалык мыйзам талаптарына ылайык, буга чейин судьялар кирешелерин гана ачыкка чыгарып келген. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, судьялар жыл ичиндеги 300 миӊ сомдон (3 миӊ эсе эсептик көрсөткүчтөн) ашкан өлчөмдөгү чыгымдарын декларациялай башташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан