Бүгүн, 15-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынга чогулуп, депутат Ашэра Халикованын мандаттан баш тартуу боюнча арызын карап, анын өтүнүчүн жактырды. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуучу Музаффар Исаковго депутаттык мандат тапшырды.
Ашэра Халикова парламентте сүйлөгөн сөзүндө депутаттыктан жеке себептерден улам кетип жатканын айткан.