Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан жаңы депутаты Музаффар Исаков парламентте ант берди. Спикер Чыныбай Турсунбеков депутаттардын атынан Исаковго ишине ийгилик, чың ден соолук, узун өмүр каалады.
Айта кетсек, кечээ Ашэра Халикова жеке себептерден улам депутаттык мандатын тапшырганын жарыялаган.
Исаков Музаффар Ахматходжаевич 1982-жылы Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Таш-Булак айылында туулган.
Жалал-Абаддагы "Элдердин достугу" университетинен 1999-2005-жылдары билим алып, финансы жана кредит боюнча адистикке ээ болгон.
Эмгек жолун 2001-жылы Таш-Булак айылдык жаштар комитетинин төрагасы болуп баштап, Таш-Булак айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу адиси, мектеп директору болуп иштеген.
2010-2015-жылдары Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп иштеген.
Жергиликтүү кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган.
Орус, кыргыз, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Үч баланын атасы.