Садык Шер-Нияз жеке окуу жай интернетте Мамлекеттик медициналык академиянын сүрөтүн пайдаланып жатканына нааразы

Эл аралык медициналык институт абитуриенттерди тартуу максатында өзүнүн жеке интернет-баракчасында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын сүрөтүн пайдаланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Садык Шер-Нияз билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан, Япониядан жана башка өлкөлөрдөн абитуриенттер ошол жеке окуу жайга жазылып жатышат. "Бул институт Кайрымдуулук фонду тарабынан негизделиптир, бирок институттун ректору Нургалы Асаналиев алдамчылык боюнча айыпталып, издөөдө жүрөт экен. Эгер биз мындай иштерге көз жумсак, Медициналык академиянын аброю түшөт, Кыргыз Республикасынын аброю түшөт, башка мамлекеттерден абитуриенттер өлкөбүзгө келбейт", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан