Депутат "Кумтөр" чатагы боюнча күнөөлүүлөр жазага тартылбай кутулуп кетишет" деп кооптонууда

"Кумтөр" кенине байланыштуу чатакка күнөөлүүлөр жазага тартылбай калышы мүмкүн". Мындай пикирин бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүтүп, коррупционерлер жазадан кутулуп кетиши ыктымал. "Канадалык "Камеко" компаниясынын мурунку башчысы Хоменюк коррупциялык иштерди ачыкка чыгарган эле. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, "Кумтөр" боюнча мурдагы келишимдерди тергөө иштерин жүргүзөт. Бирок бул кылмыш иши бир нерсеге барып такалат: кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүтүп калат. Ошондуктан биз, парламент, Башкы прокуратурага көмөк көрсөтүшүбүз керек. Тиешелүү беренелер боюнча кылмыштарды жасаган адамдарды кайсы учур болбосун жоопко тартууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун кайра карап чыгарышыбыз керек. Биз эмнегедир билбегендей отурабыз. Дыкаттык менен көзөмөлгө алышыбыз керек", - деп кайрылды депутаттарга Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан