Жогорку Кеңеште улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына караганда, Кыргыз Республикасы ЕАЭБ курамына киргенден тарта улуттук мыйзамда каралган өнөр жай коопсуздугу боюнча чараларды мүчө мамлекеттердин мыйзам жоболоруна шайкеш келтирүүгө тийиш.
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, иштеп жаткан мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен эле чектелсе деле болмок, бирок ал азыркы талаптарга жооп бербей калгандыктан, жаңы мыйзам долбоорун даярдоо зарылдыгы келип чыккан.