"Биздин өлкө өнүгүүнүн жалпы максаттарына жетүү үчүн диний жол башчылар менен кызматташуунун үлгүсүн көрсөтүп жатканы өтө маанилүү", - деди президент Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу президент “Заманбап коммуникациялык технологиялардын өнүгүү шартында террорчулук жана экстремисттик уюмдардын ишмердигине каршы аракеттенүү боюнча эл аралык кызматташтык” конференциясынын катышуучуларына жолдогон катында айтканын президенттик аппараттан кабарлашты. Мамлекет башчынын конференция катышуучуларына жолдогон каты:
"Урматтуу конференциянын катышуучулары! Ардактуу достор!
Заманбап коммуникациялык технологиялардын өнүгүү шартында террорчулук жана экстремисттик уюмдардын ишмердигине каршы аракеттенүү боюнча эл аралык кызматташтык конференциясын биздин өлкөдө уюштургандыгы үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Антитеррордук борборуна ыраазычылык айтууга уруксат этиңиздер. КМШнын 25 жылдыгында бул конференциянын өтүшүн маанилүү белги катары баалайм.
XX жана XXI кылымдарда илим менен техникада маалымат алмашуу, адамдардын мамилелешүү процессин жеңилдетүүгө шарт түзгөн мурда болуп көрбөгөндөй прогресс жүрүүдө.
Тилекке каршы, азыркы дүйнөдө адам жыргалчылыгы үчүн түзүлгөн каражаттарды, тетирисинче, адамдардын, мамлекеттердин, региондордун тынчтыкта жанаша жашоосуна каршы пайдаланган күчтөр пайда болду. Террордук жана экстремисттик топтор менен уюмдар коммуникациялык технологияларды пайдалануу аркылуу согуш жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларына ээ болушту.
Кыргыз Республикасы экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча талкуулар менен иш-аракеттер процессинин активдүү катышуучусу болуп саналат.
Мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштелип чыккан 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдө мамлекеттик саясат концепциясы мамлекет менен диний уюмдардын арасында жаңы мамилелерди калыптандырды.
Кыргыз Республикасында экстремизм менен терроризм проблемасын жалаң күч ыкмалары менен чечүү мүмкүн эместигин так түшүнүү бар. Соңку жылдары биздин атайын кызматтар чет жердеги кесиптештери менен биргеликте биздин аймакта бир катар террорчулук актылар менен диверсияларды болтурбай койгонун белгилөө керек.
Биздин өлкө калк менен иштешүүнүн жаңы ыкмаларын издөө, туруктуу ылайыктык өнүгүүнүн жалпы максаттарына жетүү үчүн диний жол башчылар менен кызматташуунун үлгүсүн көрсөтүп жатканы өтө маанилүү.
Кастыктын жана чыдамсыздыктын бардык көрүнүштөрүнө жана зомбулук актыларына каршы аракеттенүү эң оболу билим берүү системинде мамилелерди өзгөртүүдөн башталды. Мисалы, жалпы билим берүү окуу жайларынын программасына диний маданияттын негиздери жөнүндө предмет киргизилди. Экинчиден, диний окуу жайларды системге жана стандарттарга салуу иши жүрүүдө.
Кыргыз мамлекети үчүн салттуу саналган ханафит мазхабынын нугунда билим деңгээлин жогорулатуу жагынан диний башкармалыкка колдоо көрсөтүү маанилүү жаңылык болуп калды. Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты окутууга жана колдоого даярдыгын көрсөткөндөр үчүн стипендиялардын атайын программасы киргизилди. Ондогон жылдар бою атеисттик идеологиядан, андан соң мамлекет тарабынан диний уюмдардын муктаждыктары менен талаптарынын четке кагылып келгенден кийин жаңыча мамиле өз үзүрүн берүүгө тийиш.
Элдин канына сиңген баалуулуктар жеке жана коомдук чөйрөдө сырттан таңууланып жаткан бөтөн эрежелерге кадыресе аттандаштык кыла алгандай кылып улуттук салттар менен маданиятты колдоо да - маанилүү ресурс.
Урматтуу конференциянын катышуучулары!
Демократия шартында мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун, диний уюмдардын биргелешкен иши аркылуу диний экстремизмге бекем бөгөт коё алабыз.
Биздин өлкөлөрдүн кайталангыс руханий өзгөчөлүгүн, туруктуулук менен ынтымакты сактап калууга жардам бере турган проблемаларды ачык талкуулоо жана чечимдерди издөө экстремизмге каршы аракеттенүү ишинде эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө маанилүү салым кошот деген үмүт бар".